23 жаштагы келин 2 жашар баласын сабаганга шектелүүдө. Наристе чарчап калган
RU

23 жаштагы келин 2 жашар баласын сабаганга шектелүүдө. Наристе чарчап калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында 23 жаштагы келин 2 жашар баласын сабап салганга шектелүүдө. Мындай маалыматты Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдиришти.

Айтымдарында, 28-сентябрда "Тез жардам" кызматына 2 жаштагы наристенин абалы начар болуп, эки күндөн бери дене табы көтөрүлүп жатканы кабарланган. Жерине барган тез жардамчылар баланы жандандырганга аракет кылышкан, бирок наристе чарчап калган.

"Баланын денесинде көптөгөн көгала тактар болгон. Алдын ала маалымат боюнча, наристенин боору жарылып кеткен. Баланын апасы буга тез жардам кызматкерлерин күнөөлөп баштаган. Тергөөнүн жүрүшүндө алдын ала экспертиза баланын боору жарылып, ур-токмоктон каза болгонун көрсөттү. Уруп-сабоого келин өзү шектелүүдө", - дешти өздүк булактар.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Depositphotos.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14628