"Желектен башка көйгөй жокпу?". Желекти алмаштыруу сунушуна элдин пикири кандай?
RU

"Желектен башка көйгөй жокпу?". Желекти алмаштыруу сунушуна элдин пикири кандай?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын желегинин ортосунда жайгашкан күн нурунун формасын өзгөртүү сунушталды.

Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов демилгелеп, коомдук талкууга койгон эле.

Алар "түндүк менен күндүн нурун караганда күн караманын гүлү, же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы диллема" пайда болгондугун айтышкан. Ушуга байланыштуу туудагы күн нурунун толкун сымал формасын күндү түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат.

Көп узабай президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев желекти өзгөртүү идеясын колдой турганын билдирди. Ал чет элдиктер желектеги нурларды күн карамага окшоштуруп жатканын айткан.

"Желегибизди кур дегенде чыныгы күн нуруна окшоштурганыбыз туура. Бул демилгени колдошубуз керек. Керек болсо туубуздун өңүн "Манаста" көк асаба деп айтылгандай, көк түскө алмаштырсак да жарашмак. Бирок элибиз кызыл түскө көнүп калып, ага макул болбосо керек. Чындыгында биз 30 жыл башкаларга күн карамадай болуп келдик деп өзүңүздөр деле айтып каласыздар", - деп жазган Чолпонбек Абыкеев.

Ал желектин кемтик жагын оңдоодон трагедия жасоонун кереги жок деп эсептейт.

Дүйнөдө тууну түп-тамырынан өзгөрткөн учурлар да болгондугун белгиледи.

Негизи, депутаттар элдин жашоосун жакшыртуу, алардын көйгөйлөрүн бийликке жеткирип, мыйзам жаза турчу элдин өкүлдөрү. Мындан улам эл желектин өзгөрүшүн каалап жатабы Kaktus.kg редакциясы элдин оюн билип кайтты.

"Депутарттардын желекте өчү барбы?"

"Туура эмес. Эскиси менен эле турганы жакшы. Желектен башка маселе жокпу? Депутаттардын эмне желекте өчү бар? Улам-улам эле коомдук талкууга чыгара беришет. Түкүрүктү дагы ушулар ойлоп табышкан".

"Андан көрө элди ойлошопойбу?! Салыктын баарын көтөрүп жатышат. Кымбатчылык".

"Керек болсо айылда жер, суу маселеси курч. Солярка кымбаттады. Үйдөгү суу эмес талааларда суу жок".

"Өзүбүздүн эски желек эле жакшы болуп турат. Элдин каалоосу, көйгөйлөрү көп да аябай. Эң жөнөкөй эле жер маселеси, жер көйгөйлөрү чечилбей жатат.

"Жумуш орундары жок. Мына, эң негизги Кыргызстандагы көйгөй. Элдин баары чет мамлекеттерге кетип жатат. Жумуш жоктун айынан мына мен дагы чет өлкөгөн кетүүгө аргасыз болуп жатам".

"Негизги бир маселеден алаксытуу үчүн элге "отвелкающий манёвр" жасап жатышат"

"Эгер эл бийликте турган адамдарга ишенсе - пенсия боюнча суроолор, мугалим, дарыгерлер, жаш кадрлар боюнча маселелер бар. Жаштар жумушсуздуктун айынан кетип жатышат. Муну менен биз экономикалык жаман абалга кетпелгени турабыз. Экономика төмөндөп жатат. Бир топ суроолор турса депутаттар эмнеге желекти талкууга чыгарды? Бизде дайыма негизги бир маселеден алаксытуу үчүн элге "отвелкающий манёвр" жасаган адамдар болот. Демек, керек болуп жатат окшойт".

"Аялдардын укугу корголбой жатат"

"Желектен башка көйгөй жокпу? Элдин абалын карап анан иш кылышпайбы? Эң жөнөкөй аялдардын укугу корголбой жатпайбы?! Айымдардын укугун коргошсун. Кыз-балдарга жакшы мамиле кылганды үйрөтө турчу нерселерди жасашсын. Тарбияга чакырсын".

"Депутаттар өздөрүнө желекти окшошун сунушутап жатышыптыр. Биз эскисин тандап жатабыз. Депутаттар мыйзам жазганы менен эч убакта аткарылбайт. Бирок Кудайдан ошолорго бир акылмандуулук берсе экен деп тилейм. Алар эл үчүн, жер үчүн, ар бир элдин максатын аткара турган болсо ошондо жакшы болмок".

"Бизде жакыр үй-бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Ошолордун көйгөйлөрүн көтөрүшпөйбү? Жол маселеси, бала бакча, мектеп, мугалимдердин аздыгы..."

"Жашылдандыруу. Кара түтүн. Экология маселеси курч"

"Экология бузулуп жатат. Жашылдандыруу, бак-дарактарды көбүрөөк өстүрүү бул желекке караганда маанилүүрөк болмок. Мага сунуштап жаткан желектеги өзгөртүу такыр жаккан жок. Эскиси эле калсын".

"Өзүбүздүн эле эски желегибиз жакшы. Жолдорду кеңейтишсе болот эле, аялдамалар алыс. Көбүрөк бала бакча, мектептерди салууну ойлонушпайбы?"

"Таштанды маселеси. Эми кара түтүн (смог) башталат. Айта берсе көйгөй көп. Эмнеге желекти өзгөртүү керек деген немени көтөрө калышты, түшүнбөйм".

"Биринчи класстын окуучуларындай болуп эс алууга чыгып кетип калышат. Мага ошол жактпайт".

Символикалык түрдө болсо дагы желекти алмаштыруу - өлкө аймагындагы бардык желектерди өзгөртүү, окуучулардын жана студенттердин китептерин жана ошондой эле мамлекеттик мекемелердеги бардык стенддерди алмаштыруу болуп саналат. Бул үчун канча акча сарпталат жана ал өз максатына жетеби - бул чоң суроо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14630