Кыргызстандын желегиндеги күндүн нурун өзгөртүү сунушталды. Сүрөт
RU

Кыргызстандын желегиндеги күндүн нурун өзгөртүү сунушталды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов мамлекеттик тууну өзгөртүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Маалымкат-негиздемеде бүгүнкү күндө мамлекеттик туунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурунда күн карамынын гүлү же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек деп айтылат.

Буга байланыштуу туудагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат.

Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы укуктук, укук коргоочулук, социалдык, экономикалык, коррупциялык, гендердик жана экологиялык терс кесепеттерди алып келбей турганы белгиленди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14589