Сот уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алтуханын үй камагына чыкканын түшүндүрдү
RU

Сот уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алтуханын үй камагына чыкканын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Алтуха лакап аты менен белгилүү мүчөсү Алтынбек Ибраимов келтирилген зыяндын ордун толтургандыктан үй камагына бошотулду. Бул маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Маалым болгондой, 4-октябрда Биринчи Май районунун тергөө судьясы келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу Алтынбек Ибраимовго карата баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырды. Буга байланыштуу судья Ибраимовдун баш коргоо чарасын 26-октябрга чейин үй камагына өзгөртүү чечимин чыгарды.

Белгилей кетсек, сот отуруму кечке маал болгон.

*****

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү, алардын арасында Алтуха каймана аты бар Алтынбек Ибраимов ушул жылдын май айында кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалгандар көп жылдар бою ишкерлердин жана Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын Кытайдан ташыган товарларын алып, Кыргызстанга жана КМШнын башка өлкөлөрүнө сатып келишкен. Ибраимовдун камак мөөнөтү 3-сентябрда узартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14640