Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Алтуха үй камагына чыгарылды
RU

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Алтуха үй камагына чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-октябрда кечке жуук Биринчи Май райондук сотунун нөөмөтчүсү Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Алтуха каймана аты менен таанымал Алтынбек Ибраимовду үй камагына чыгарды.

Эске сала кетсек, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү, алардын арасында Алтуха каймана аты бар Алтынбек Ибраимов да ушул жылдын май айында кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалгандар көп жылдар бою ишкерлерден жана Кыргыз Республикасынын башка жарандарынан Кытайдан ташылып келген керектөө товарларын алып, Кыргызстанга жана КМШнын башка өлкөлөрүнө сатып келишкен. Ибраимовдун камак мөөнөтү 3-сентябрда узартылган.

Буга чейин 2017-жылы Ибраимов "опузалап акча талап кылуу", "денеге залал келтирүү" деген айыптардан акталган. Ал 2013-жылы жайында Бишкек шаарында шериктери менен Бишкек шаарынын тургунун күч менен унаага салып, тоо тарапка айдап кеткендиктен 2015-жылы кармалган. Ал жерден кылмышкерлер күч колдонуп, 80 миң доллар талап кылышкан. Буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жети жолу соттолгон.

2021-жылдын январында Алтуха кайрадан кармалып, бирок кийинчерээк үй камагына бошотулган. Ошол эле жылдын март айында анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал жерден эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү көрсөтмө берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14652