Депутаттын театрда жылаңач көрсөтүүлөр коюлуп жатат дегени боюнча министр жооп берди
RU

Депутаттын театрда жылаңач көрсөтүүлөр коюлуп жатат дегени боюнча министр жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште депутат Жалолидин Нурбаев театрларда жылаңач көрсөтүүлөр болуп жатканын, муну уят, ыплас иш деп сындады. Ал бул боюнча Маданият министрлигинен жооп күтөрүн билидирди.

Белгилесек, депутат "Күн кармаган бала" спектаклиндеги жылаңач жуунуп жаткан баланын эпизоду тууралуу сөз кылган.

Жалолидин Нурбаев көтөргөн маселеге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жооп берди.

24-29-сентябрь күндөрү эл аралык ART ORDO театр фестивалы өткөн. Фестивалга жалпы 17 спектакль катышып, К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театры Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин калемине таандык чыгарманы жаш режиссёр Уланмырза Карыпбаевдин режиссёрлугу менен сахнага алып чыгышкан.

Спектакль эл аралык калыстар тобунун сынынан өтүп, жогорку баа берилип, баш байгени багындырды. Ал гана эмес, көрүүчүлөр бир дем менен көрүп, болуп көрбөгөндөй триумф жаратып, азыркы коомчулукта орун алган чоң жараны жарып жиберди.

"Режиссёрдун аталган чыгарманын маани-мазмунун чындык менен ачып бергени, эненин балага болгон мээрими жана бүгүнкү коомчулукта болуп жаткан терс көрүнүштөрдү айдан ачык көрсөтүп бергени жакпай калгандыр!?

Көркөм чыгармада режиссёрдун айтайын деген ою, алдына койгон максаты эң чоң мааниге ээ. Аны түшүнүп, билбей туруп, чыгармачылыкка жол тосуп, К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын жана жаш режиссёрдун ийгилигин көрө албай жаткандар болбосун?

Театр тирүү организм. Театр жеке спецификага ээ. Алар чындыкты, конфликтти, мүнөздөрдү чагылдыруу, аларды трактовкалоо жана баалоо, тигил же бул идеяны ырастоо драмалык иш-аракеттер менен ишке ашат эмеспи. Бирок оюндун оппоненттери, урматтуу биздин жарандарыбыз бир жагдайды эстеринен чыгарып жатышат окшойт: маселе искусствонун предмети жөнүндө кетип жатат. Ал эми искусстводо биринчи орунда образдуулук турат. Баардык көрүнүштөр, деталдар жаратмандын көркөм-образдуу ой жүгүртүүсүнө, көркөм-образдуу концепциясына гана баш ийдирилет. Ар бир деталь, ар бир штрих чыгарманын жалпы образынын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Андыктан ар бир деталды, же көрүнүштү өз-өзүнчө бөлүп кароого мүмкүн эмес. Алардын ар биринин мааниси, мазмуну комплекстүү каралганда гана образдуу чечилиштин алкагында гана түшүнүктүү болот. Искусствонун өзгөчөлүгү ушунда.

Мындан улам талкуу болуп жаткан "Күн кармаган бала" спектаклин көрүүнү сунуштайм. Балким, көргөндөн кийин пикирлер өзгөрөт.

"Күн кармаган бала" коомдогу негативдүү көрүнүштөрдү ачык көрсөтүп, адам баласын өлүм алдында алдастабай, тирүүлүктө адам болуп, туура жашап өтүү менен бирге моралдык асылдыкка чакырган чыгарма", - деди министр.

Маалымат катары: "Күн кармаган бала" спектаклине эл аралык калыстар тобу баа берген. Калыстардын курамына Казакстан Республикасынын эл артисти Нурканат Жакыпбай (төрагалык кылды), Өзбекстан Республикасынын эл артисти Гаухар Закирова, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлсара Ажыбекова, Азербайжан Республикасынын эл артисти Новрузов Джахангир Муталлиб оглы, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетов, театр сынчысы Айсылу Сагитова (Башкортстан, Россия), Түркия Республикасынын Адана шаарынын Чукурова университетинин театр факультетинин деканы Исмаил Дикилиташ, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Болот Тентимишов, театр сынчысы Болотбек Жунушов кирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14651