"Жылаңач көрсөтүү". Депутат театрга коюлган спектаклды сынга алды
RU

"Жылаңач көрсөтүү". Депутат театрга коюлган спектаклды сынга алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Жалолидин Нурбаев театрда коюлган спекталге нааразы болду. Ал Жогорку Кеңештин жыйынында тиешелүү министрликтен спектаклдердин репертуарларын көзөмөлгө алууну суранды.

"Коомчулугубузда жаман бир көрүнүш болду. Театрларыбызда жылаңач көрсөтүүлөр да болуп жатат. Кайда баратабыз? Ыйман, адеп-ахлак, тарбия маселесинде мааниси жок көрүнүш болуп жатат. Уят да! Маданият министрлигинен бул боюнча жооп күтөм, чара көрсөңүздөр. Элдин 80% ашыгы мусулман. Ошолорду көзгө илбей, жапайычылыкты көрсөтүп жатканы ыплас иш болду", - дейт депутат.

Белгилесек, 28-сентябрда К. Жантөшев атындагы музыкалык драма театры Бишкекке болгон чыгармачылык сапарынын алкагында КР эл жазуучусу Султан Раевдин повестинин негизинде, Уланмырза Карыпбаев режиссерлук кылган "Күн кармаган бала" спектаклин тартуулашкан.

Анда жылаңач жуунуп жаткан бала айрымдарга жакпай талкуу жараткан. Интернет колдонуучулар эки жээкке бөлүнүп, бири уят десе, экинчиси искусство деген тартыш жаралган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14639