Карындашын коргойм деп айдоочуну атып алган киши абактан чыкты. Видео
RU

Карындашын коргойм деп айдоочуну атып алган киши абактан чыкты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмокко жакын жерде карындашына кол салган кишини атып алган адам камактан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Соттон Kaktus.kg сайтына ырасташты.

Белгилүү болгондой, 17-октябрда Чүй облустук соту айыпталуучу Ж.С.Мнын жактоочусунун жана жабырлануучунун Чүй райондук сотунун 2023-жылдын 19-июнундагы өкүмүнө карата даттануу арыздарын карады. Сотто жабырлануучу тарап айыпталуучуга койгон дооматтарынан баш тартып, айыпталуучунун арызын колдоп, тараптар жарашуу келишимин түзүштү.

Мындан улам биринчи инстанциядагы соттун өкүмү өзгөртүлүп, Чүй облустук соту айыпталуучуга 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындады.

*****

Эске салсак, 2022-жылы 1-июлда Токмок шаарында 33 жаштагы келин аялдамага чыгып, жолдогу унаалардын бирине отурган. Айдоочу ыдык көрсөткөнүнөн ал агасына телефон чалып, башка унаага түшүп кеткен, бирок ал артынан барып, күч колдонуп, аялды сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы келип, травматикалык тапанчадан ок чыгарган.

Кол салган айдоочу алган жаракатынан улам каза болгон. Ок чыгарган жаран 3 жылга эркинен ажыратылган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14682