Карындашынын намысын коргоп, адам өлтүрүп алган байкеси 2 айга камакка алынды
RU

Карындашынын намысын коргоп, адам өлтүрүп алган байкеси 2 айга камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Карындашынын намысын коргоп, ага асылган кишини атып алган байкеси эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Чүй райондук соту кабыл алды.

Шектүүнүн жактоочулары соттун чечимин жогорку инстанцияга даттанууга ниеттенүүдө. Сотко ошондой эле Акыйкатчы аппаратынын өкүлү да катышты.

Эске салсак, 1-июлда Токмок "Бишкек-Торугарт" унаа жолунда айдоочу октон алган жаракатынан улам каза болгон. Аны карындашын коргойм деген байкеси атып алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7364