Бийлик митингдерди Бишкекте эле эмес, аймактарда да өткөрүүгө тыюу салууда. Элди ким угат?
RU

Бийлик митингдерди Бишкекте эле эмес, аймактарда да өткөрүүгө тыюу салууда. Элди ким угат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир жарым жылдан бери Бишкекте ар кандай митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салынып келди. Эми бийлик бул чектөөлөрдү жаңы жылга чейин узартты. Кандай символикалык түрдө угулбасын бирок, Эркиндик бульварында дагы митинг, акция уюштурууга тыюу салынган.

"Эл үнүн жеткирүү үчүн, айла жоктон митингге чыгат"

Жарандык коом митингге - тиешелүү мамлекеттик органдарга үнү же акыйкаттыкка жетпей жатканда бийликке арыз-муңун жеткирүү үчүн чыгат дейт kaktus.kg редакциясына мурдагы Айыл-чарба министри жана жарандык активист Тилек Токтогазиев.

"Жарандык коом кандайдыр бир мыйзамдуу жолдор менен, бүт баарын айтат, мисалы, милицияга. Бирок, эч кандай чечим кабыл алынбаса, анда эң акыркы инстанция бул - митинг болуп калат. Митинг - бийликке белги деген сөз.

Ошол үчүн бийлик митингден коркпош керек. Эл көчөгө жыргаганынан чыкпайт", - дейт ал.

"Элге канча көп кысым болсо - бир күнү коом аны көтөрө албай жарылат"

Социалдык тармактар абдан өнүккөн үчүн тескерисинче, элге кысым күчөй берсе - коом көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн деп эсептейт, Токтогазиев.

"Канча көбүрөөк кысым болсо, айтып коет го, "канча бураманы катуу бурасаң, сынышы да ошондой күчтүү болот" деп. Дал ошол сыяктуу, кийин эл көтөрө албай, сынышы мүмкүн. Кысым көргөзүп, социалдык тармактарда дагы чектөө кыла беришсе, жарандык активисттерди камап, анда эл көзөмөлдөн чыгып, өзүнчө радикалдуу бир, коркунучтуу баскычтарга өтүп кетиши мүмкүн.

Чектөөлөрдү киргизе бергени менен, "силерди отургузуп (камап) салабыз" же "бул жакта митинг, акция өткөрүүгө, арыз-муң айтууга болбойт", "бир эле жерде сүйлөгөнгө укугуңар бар" дей берсе, бул эч жакшылыкка алып келбейт"

Аймактарда да митинг өткөрүүгө тыюу салынып жатат

Ош облусунун Ноокат, Чоң-Алай райондорунда митинг, тынч жыйындарга чогулууга убактылуу тыюу cалынды. Эске салсак, буга чейин Оштун Өзгөн районуна да чектөө киргизилген. Мындай чараларды күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү коомдук коопсуздукту сактоо үчүн жасап жатканын айткан.

Бирок, эмнеге Оштун үч районунда эле чектөө киргизилди, белгисиз.

Белгилей кетсек, сентябрь айынын аяк жагында Өзгөндө абактагы депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтарына чогулууга уруксат берилген эмес. Анда, 30га чукул Мадумаровдун тарапташтары, анын эркиндикке чыгарылышын талап кылуу үчүн сейил бакка чогулушкан. Милиция коомдук жайларда нааразылык акциясын, митинг өткөрүүгө тыюу салынганын айтып чогулгандарды тараткан.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14717