Бишкекте митинг өткөрүүгө коюлган чектөө жаңы жылга чейин узартылды
RU

Бишкекте митинг өткөрүүгө коюлган чектөө жаңы жылга чейин узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө киргизилген чектөөнүн мөөнөтү жаңы жылга чейин узартылганын мэрия эскертти.

Маалыматта массалык башаламандыкты болтурбоо жана ага бөгөт коюу максатында Биринчи Май райондук акимиаты митинг өткөрүүгө коюлган чектөөнүн мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен аталган райондун сотуна кайрылган.

Митингге чыгууга болбой турган жайлар:

  • "Ала-Тоо" аянты;
  • Эркиндик проспектиси - темир жолдон Чүй проспектисине чейин;
  • Президенттик администрациянын жана Жогорку Кеңештин имаратынын жанында;
  • Жогорку Соттун алдында;
  • Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;
  • УКМКнын имаратынын жанында.

Ар кандай акцияларды бир гана Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилген.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14707