1-январдан тартып патент менен соода жүргүзүү токтотулат. Ишкерлер эмне кылышы керек?
RU

1-январдан тартып патент менен соода жүргүзүү токтотулат. Ишкерлер эмне кылышы керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-январынан тартып патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотуларын билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 1-январга чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка режимдерине өтүшү керек. Ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:

  • жалпы салык режими: салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт;
  • бирдиктүү салык: чакан жана орто бизнес үчүн алгылыктуу салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 8 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштеген соодагерлер контролдук-кассалык машинаны (ККМ) пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка талаптарды аткарууга милдеттүү.

Көрсөтүлгөн салык режимдеринин бирине өтүү үчүн ишкерлер учурдагы салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз бериши керек.

"Учурда салык органдары башка салык режимдерине акырындык менен өткөрүүнү камсыз кылуу максатында соода ишин жүргүзгөн ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", - дешет мекемеден.

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14735