Президент жаңы салык мыйзамдарына кол койду. Эмне өзгөрүлөт?
RU

Президент жаңы салык мыйзамдарына кол койду. Эмне өзгөрүлөт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзамга ылайык, Салык кодексинде төмөнкүлөр өзгөртүлөт:

  • Баткен, Ош облустарындагы чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан субъектилердин салыктык карыздарын кечүү;
  • кирешелердин көлөмүн чектебестен бирдиктүү салыктын негизинде режимди кеңейтүү (учурда 30 миллион сомго чейин);
  • товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашпаган контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонгон жеке ишкерлерди мөөнөтсүз салыктан бошотуу.

Бирдиктүү салыктын ставкалары эми төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:

  • жылдык жүгүртүүсү 100 миллион сомдон ашпаган базарлардагы ишкерлер үчүн 0,1 пайыздык салык;
  • соода үчүн бирдиктүү салыктын өлчөмүн (накталай акча менен болсо 4 пайызга жана накталай эмес төлөмдөр үчүн 2 пайызга) төмөндөтүү;
  • жылдык жүгүртүүсү 8ден 30 миллион сомго чейинкилерге - 0,5 пайыз;
  • жылдык жүгүртүүсү 30дан 50 миллион сомго чейинкилерге - 1 пайыз;
  • Бишкек жана Ош шаарларында накталай түрдө 6 пайыз, накталай эмес формада 4 пайыз;
  • башка аймактарда накталай түрдө 4 пайыз, накталай эмес 2 пайыз.

Соода ишин жүргүзүүгө патенттердин колдонуу мөөнөтү 2024-жылдын 1-январына чейин белгиленет.

ККМ колдонуудагы талаптарды бузгандарга айып пулдун өлчөмү - биринчи укук бузуу үчүн эскертүү, экинчиси үчүн айып пулдар жеке жактарга 500 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом, ал эми кийинки укук бузуулар үчүн жеке адамдарга 3000 сом жана юридикалык жактарга 13 000 сом өлчөмүндө каралган.

ККМ колдонуу талаптарын бузгандыгы үчүн 30 күндүк мөөнөттө айып пулду 70 пайыздык жеңилдик менен төлөйт.

"Дордой" жана "Кара-Суу" базарларында соода кылгандарга өзгөчө зонадагы салык режимин киргизип, ККМ колдонуудан бошотулат. Салыктын өлчөмү бир соода түйүнү үчүн жылдык жүгүртүүсүнө карап белгиленет.

Салык кодекси күчүнө киргенге чейин каттоодон өткөн жана айыл чарба өндүрүүчүсү, кооператив, соода-логистикалык борбор катары иштеп жаткан салык төлөөчүлөрдү эсепке алуу мөөнөтү 2024-жылдын 1-январына чейин узартылат.

Тоо-кен казып алуу жана кайра иштетүү ишканаларынын кирешелерине салык киргизилет. Мындан сырткары электрондук тамекинин акциздик салыгы эки эсе арзандап, башка тамекилердики кымбаттайт", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11354