Чүйдө 30 жаштагы келин өзүнө өрт койду
RU

Чүйдө 30 жаштагы келин өзүнө өрт койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө облусунда 30 жаштагы келин өзүнө өрт койду. Маалыматты Kaktus.kg сайтына Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-октябрда Чүй айылында жергиликтүү тургун конокко барып келгенден кийин күйүүчү суюктукту чачып, өзүн өрттөп жиберген. Анын кесепетинен күйүк алып, ооруканага түштү. Учурда териштирүү жүрүп жатат.

Ал эми Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүндөгү булактар келин мас абалда болгонун айтышты.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: pexels.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14737