"Кол салганга жеткиришкен". Түркияда кордолгон келиндин бир туугандары жардам сурайт
RU

"Кол салганга жеткиришкен". Түркияда кордолгон келиндин бир туугандары жардам сурайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркияда мурдагы күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылган кыргызстандык келиндин бир туугандары президенттен, УКМКнын төрагасынан жардам сурайт. Келиндин сиңдиси Айдай социалдык тармак аркылуу видео кайрылуу жасап, учурда бир тууганы абакта жатканын айткан.

Анын айтымында, эжеси Түркияда турмушка чыгып, уулдуу болгон. Андан кийин күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылып, 23-сентябрда ал түрмөгө түшкөн.

"Улуу эжем жардамга баргандан баштап, апрель айында жездем алар уктап жатканда үчөөнө укол салып, андан кийин ыплас, жаман, жийиркеничтүү нерселерди жасап видеого тартып, интернетке чыгарган. Тургандан кийин эжемдердин денелери ооруп, уколдун издери табылган. Ооздору ооруп, тамак жей алышпай, кичинекей баласы да ошондой… Ажырашкандан кийин күйөөсү баланы бир жумада бир жолу алып кеткенге акысы бар. 6-7 сааттан кийин баласы келип, эркектерден качып, апасына жабышып, эч жакка чыкпай, стресс болуп, денесинен уколдун издери табылып, көтөнү кызарып ооруп, оозу жара болуп, курсагы шишип, бети дагы шишиген абалда келген. Эжем ооруканага кайрылган. Бирок "соо адамды текшере албайбыз" деген жооп болгон. Сатып алганбы, билбейм?", - дейт.

Бул окуяга байланыштуу келин полицияга барган, бирок жубатарлык жооп болгон эмес. Мындан улам ал баласына, өзүнө кол салганга аракет кылган дейт сиңдиси.

"Баланы атасына бергим келбей эле, "ушундай-ушундай" деп баарын түшүндүрүп берсе дагы полициялар "андай кылганга акың жок, атасы бир жумада бир жолу келип турганга укуктуу" дешкен. "Баланы бербесең түрмөгө отургузабыз сени" деп коркутушкан. Эжем айла жок унчуккан эмес. Ушул жылдын 23-сентябрында эртең менен жездем эжеме келип коркутуп кеткен. Эжем айласы кетип... Аны өзүнө жана баласына кол салганга жеткиришкен. Психологиялык жактан жабыркайт деген диагноз менен жана жогоруда айтып кеткен себептер менен эжемди түрмөгө каматышкан", - дейт жабырлануучу тарап.

Келиндин сиңдиси кошумчалагандай, 2 жылдан бери жалдаган түрк адвокаттарынын баары азыр мурдагы жездеси тарапка өтүп кеткен.

Ал эми кордукка кабылган келиндин эжеси Динара ага жардам берүү үчүн Түркияга барган. Ал өзү туш болгон окуяны айтып берип, өздөрүнүн күчү жетпей калганын айтат.

"4-5 айдын ичинде эле кадимкидей… өзүм алсыз болгондуктан батыраак таасир эттиби билбейм, абдан кыйналып келдим. Укол куюлгандай болуп денем, буттарым, колдорум шалдырап, башым тегеренгенсип, оозум кургап, жара болуп… Андан кийин эмне кылгандарын, ошол дарылар куюлуп, эмне кылгандарын билбей жатам. Сиңдиме, анын баласына анан бизге жардам беришиңиздерди суранам", - деди ал.

Тышкы иштер министрлигинин комментарийи

Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча, 2022-жылдын декабрында Кыргыз жараны менен Түркиянын жаранынын ортосунда ажырашуу процесси болуп өткөн. Соттун чечими негизинде төрөлгөн бала энесинин кароосунда калган.

Ушул жылдын май айынын аягында Башкы консулдук тарабынан келиндин маселелерин чечүү үчүн адвокат менен жолугушуусу уюштурулган. Ошондой эле келинге баласы менен (Түркиянын жараны) Кыргызстанга баруу маселеси боюнча керектүү консультациялар көрсөтүлгөн. Келин маалымдагандай, Түркиянын сот органы тарабынан алимент төлөө маселеси каралып жаткандыктан, ал сот процесси аяктаганга чейин Түркияда калууну көздөгөн.

21-сентябрда келин эжесинин коштоосунда Башкы консулдукка кайрылган. Жогоруда аталган жарандын маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Башкы консулдук тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарды колдоо Фонду менен келинге зарыл жардам көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишилген. Бирок келин белгисиз себептерден улам жардам алуу үчүн аталган Фондго кайрылган эмес.

Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу консулдук-укуктук жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп, маселени көзөмөлдөйт.

Эркиндиги чектелип жаткан кыргыз келиндин маселеси Жогорку Кеңеште айтылды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев Түркияда мурдагы жолдошу тарабынан сабалган кыргыз келиндин башына түшкөн сыноосуна кайдыгер карабай, жардам берүү сунушун айтты.

"Түркияда кыргыз келин ошол мамлекеттин жаранына турмушка чыгып, азыркы учурда бир топ укуктары, эркиндиктери чектелип, мыйзамсыздыкка дуушар болуп жаткан чагы. Биздин жарандар чет өлкөлөрдө укук-эркиндиги бузула турган болсо, мамлекеттик органдар жапа тырмак жардам бериши керек. Биз эжебизге жардам берели", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14641