Баткендин тургундары: Биздин өрүктүн даамын бир таткан адам башкасын жегиси келбей калат
RU

Баткендин тургундары: Биздин өрүктүн даамын бир таткан адам башкасын жегиси келбей калат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен районунда өрүк өстүрбөгөн үй-бүлө дээрлик жок. Кара-Бак айылынын тургундары да четте калган эмес. Алар түшүмдүн көбүн ишкерлерге дүңүнөн сатышат. Айылда чоң базар бар, ал кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан. 2021 жана 2022-жылдардагы чек ара чатактары базардагы соодага чоң таасирин тийгизди. Азыр бул жакка Тажикстандын эмес Өзбекстандын жарандары келип турушкандыктан, өрүктүн баасы кыйла арзандап кетти.

Дыйкан Абдирашит Максүтов менен "Алты-Адыр Органик" дыйкандар кооперативинин жетекчиси Акылбек Дилшатов Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Кара-Бак айылындагы базарда соода кандай болуп жатканын Kaktus.media сайтына айтып беришти.

Тынчтык болсо, инвестиция да болот

"Биздин айыл Тажикстанга абдан жакын жайгашкан. Мисалы, Баткендин кээ бир айылдары Тажикстан менен бир эле тараптан чектешсе, биз үч тараптан чектешебиз. Картадан караганда биз Тажикстан менен "П" тамгасы түрүндө чектешебиз", - дейт Акылбек Дилшатов.

Анын айтымында, баткендиктер кошуна өлкөнүн тургундары менен дайыма жакшы мамиледе болуп келишкен. Ал эми 2021-жылдагы жаңжалдан кийин чек аралар жабылып, аймактын экономикасына чоң залакасын тийгизген. Мындай терс таасирге базарлар, анын ичинде Кара-Бак айылынын базары да туш болгон.

"Баткенде өрүктүн баасы былтыркыга салыштырмалуу бир топ арзандады, былтыр табигый жол менен кургатылган өрүктүн килограммын орто эсеп менен 400 сомдон сатсак, быйыл 150-170 сомдон сатып жатабыз. Кыйын, анткени Баткен облусунда калктын дээрлик 70-80% өрүк менен тиричилик кылат. Эгерде өзүбүздө кургатылган жемиштерди кайра иштетүүчү же консервалоочу заводдорубуз болгондо баанын арзандыгынан мынчалык кыйналмак эмеспиз. Аймакта заводдорду курууга жер тилкелери жетиштүү, инвесторлор гана керек", - дейт Кара-Бактын тургуну Абдирашит Максүтов.

Тынчтык болсо инвестиция да болот, тынчтык болушу үчүн чек ара маселелери чечилиши керек.

Жергиликтүү жашоочулар өндүрүштү өз алдынча уюштура албай жатышат. Буга Чечилбей жаткан чек ара маселеси тоскоол болууда. Мындан тышкары тургундардын каражаты жок же чет элдик компаниялар менен байланышы жок.

"Бир адамдын же бир эле компаниянын кургатылган мөмө-жемиштерди башка өлкөгө жеткирүү боюнча макулдашуусу өтө кыйын. Башка мамлекеттердин базарларын ансыз деле жеткирүүчүлөр ээлеп алышкан. Баткендиктер эл аралык рынокко чыгууну чечип, өз алдынча жемиштерди сатып алган учурлар болгон. Өрүктү башка өлкөлөргө ташып барышып, бирок ал жактан сата албай калышкан. Анткени бардык жерде өздөрүнүн жеткирип берүүчүлөрү бар. Анан алар өрүктү арзан баада сатууга аргасыз болушкан. Ошондуктан бул маселеде биз бийликтен жардам күтөбүз. Мамлекеттик деңгээлдеги байланыштарды түзүүгө алардын жардамы керек", - дейт Дилшатов.

"Баткен өрүгүнүн даамын бир таткан адам башкасын жегиси келбей калат", - дейт дыйкан Абдирашит Максүтов. Анын айтымында, өрүктүн баасын көтөрүү үчүн аны башка өлкөлөргө ташып жеткирүүгө шарт түзүү керек.

"Менде былтыркы түшүмдүн өрүктөрү калган. Бир жыл мурун 1 килограммын 300 сомдон сатып алабыз дешкенде баш тарткам. Азыр ал баанын жарымын сунуштап жатышат. Өрүктүн баасын көтөрүш үчүн башка өлкөлөрдөн сатып алуучуларды тартуу керек. Маселен Түркиянын, Кытайдын ишкерлери өрүктү Өзбекстандан алышат. Биздикилер Өзбекстанга сатышат, ал эми коңшулар андан ары сатышат", - дейт Максүтов.

Баткен өрүгү кантип коңшулардыкы боло баштады?

Азыр түшүмдүн дээрлик баарын Өзбекстандан келген соодагерлер сатып алышат. Өзбекстандык ишкер Ботыржон Сохибов бир жума бою Баткен облусунун бардык базарларын кыдырат. Баткендин ар кайсы аймактарындагы базарлар аптанын ар кайсы күндөрүндө иштейт. Базар күнү шейшембиде Аркада, бейшембиде Кара-Бакта, ишембиде Самаркандекте. Башка күндөрү башка айылдарда.

"Сезондо жума сайын 100-110 тоннага чейин өрүк сатып алабыз. Кургатылган мөмө-жемиштерди чыгарган заводдорубуз бар. Ал жактан өрүктү таңгактап, Россия, Индонезия, Литва, Латвия, Польша, Кытайга экспорттойбуз", - деди ал.

Чек ара жабыла электе баткендиктер өрүктү Тажикстанга сатышкан.

"Аларда өрүктү чет өлкөгө сатуу жакшы жолго коюлган. Алар биздин өрүктөрдү сатып алып, Тажикстан аркылуу чет өлкөгө тажикстандыкы деп ташычу. Жаңжалдан кийин Өзбекстан менен иштеше баштадык, бирок Тажикстандыкындай көлөмдө эмес. Бизде Россияга, Украинага, Америкага мөмө-жемиштерди жеткире тургандай кайра иштетүүчү ишканалар аз, ал эми түшүм көп", - дейт кооперативдин жетекчиси Акылбек Дилшатов.

Биздин өлкөдө өрүктү алыскы чет мамлекеттерге экспорттоого шарт түзүлбөйт. Айыл чарба министрлиги бул маселенин үстүндө иштеши керек. Дыйкандар быйыл канча өрүк алды жана аны кайда сатаарына көз салып, сатуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүшү шарт.

Дээрлик бардык соодагерлер өрүктүн баасы арзандаганы тууралуу коңгуроо кагып жатышат. Алардын баары муну чек арадагы көйгөйлөр менен байланыштырып, чек ара маселелерин чечүүгө үмүт артышууда.

Өкмөт жардам бере алабы? Экономисттин жообу

Экономист, Кыргызстандын базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев баткендиктердин кайра иштетилген продукцияны сатуу кыйла кирешелүү дегенине кошулат.

"Чындыгында абал ушундай, соода базарлары эч качан бош калбайт.Тактап айтканда, өрүк жана кургатылган өрүк жөнүндө сөз кыла турган болсок, айрымдар базарларда продукциянын сатылышын колго алууга жетишти. Маселе биздикилер чийки затты сатканында болуп жатат, бирок биз нарк кошууну үйрөнүшүбүз керек. Кошумча нарк – бул кайра иштетүү өнөр жайы дегендик, анын баасы үч тыйын эмес", - дейт Пономарев.

Экономисттин айтымында, дыйкандар мамлекет тарабынан жардамга муктаж, бирок бул маселе алар ойлогончолук тез арада чечиле калбайт.

"Мамлекет бул көйгөйгө көңүл бурса, жеңилдетилген насыялык линияларды ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мисалы, муну бизнести колдоо үчүн каражат берген фонддор аркылуу ишке ашса болот. Бул жерде кайра иштетүү, логистика ж.б.у.с. белгилүү критерийлер бар. Бирок башка сатуу рынокторуна келсек, бул өкмөттүн функциясы эмес. Бул маселеде өкмөт кыла турган жалгыз нерсе – B2B (business-to-business) сатуунун форматын гана уюштуруп берсе ошол жардам бериши мүмкүн", - деди ал.

Пономарев Кыргызстандан чийки зат сатып алган ишкерлер бизден өндүрүлгөн компот, кыям, кургатылган жемиштерди баалары ылайыктуу болгон шартта алууга кызыкдар болот деп эсептейт.

Адистердин айтымында, көп жылдардан бери аймакты бириктирген экономикалык фактор – бул кургатылган мөмө-жемиштерди өндүрүү. Өндүрүш боюнча 2023-жылы Өзбекстан дүйнөдө экинчи орунду ээлейт (Түркия биринчи). Өзбекстанда 650 миң тоннага чейин өрүк чогултулуп, 65-70 миң тоннасы тышкы рынокко сатылууда. Тажикстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 150 миң тоннага жакын өрүк жыйналып, 40 миң тоннага жакын кургатылган жемиш экспорттолот.

Өлкөбүздө өрүк плантациялары жыл сайын кеңейүүдө. Учурда Баткен облусунда эле өрүк бактары 7 миң гектардан ашык аянтты ээлейт. Түшүмү 60 миң тоннадан жогору болуп, 20 миң тоннага жакын кургатылган продукция экспорттолгон. Ошол эле учурда Тажикстанда 400 миң тоннадан ашык жемишти өндүргөн 20дан ашуун ири жана жүздөгөн чакан кайра иштетүү ишканалары бар. Ачык чек аралар дагы бир көйгөйдү - жаңы рынокторду издөөгө алып келген бардык продукциянын бирдиктүү эл аралык стандартка шайкештигин чечет.

Баткендин жашоочулары өздөрү мындай татаал экономикалык категорияларды ойлобосо керек, бирок алар чек аралар ачык кезде жакшы жашашканын так түшүнүшөт.

"Биз, Кара-Бактын тургундары тажиктер менен мамилебиз жакшы эле. Достошуп, бири-бирибизге конокко барчубуз, ал тургай биздин айылдан Тажикстандын кичи авбоутсары өткөн учур болгон. Биз кичи автобуска отуруп Исфарага ( Тажикистан) барып, ошол жерден соода кылып, үйгө кайтып келчүбүз. Ынтымагыбыз абдан жакшы болчу", - деп эскерет Дилшатов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14743