25-26-октябрда Бишкектеги жана Сокулуктагы мектептер, бала бакчалар онлайн иштейт
RU

25-26-октябрда Бишкектеги жана Сокулуктагы мектептер, бала бакчалар онлайн иштейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги жалпы билим берүү мекемелери 25-26-октябрда онлайн режимде иштейт. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Министрлер кабинетиндеги өздүк булактар билдиришти.

Кийинчерээк Билим берүү жана илим министрлигинин "Окуу сабактарын онлайн форматта өткөрүү жөнүндө" буйругу чыкты. Ага ылайык, Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун мектепке чейинки, мектептик, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан 25-26-октябрында окуу сабактарын онлайн форматта уюштуруу милдеттендирилет.

Белгилей кетсек, 25-27-октябрда Бишкекке Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьеринин расмий иш сапары, Монголиянын премьер-министринин Кыргызстанга жумушчу сапары жана ШКУнун, КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны, Бишкектеги Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: objectiv.tv.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14789