Окуучулар дүкөндө билим алышат, класстар парда менен бөлүнгөн
RU

Окуучулар дүкөндө билим алышат, класстар парда менен бөлүнгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Арсланбек Малиев Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылында окуучулар дүкөндүн имаратында билим алып жатышканын айтты. Эл өкүлү белгилегендей, класстар парда менен бөлүнгөн.

"Ак-Кочкор айылындагы дүкөндүн имаратынан бир бөлмө берилген. Анда эки класстын окуучулары окушат, класстарды парда менен бөлүп коюшкан. Мугалим сабак өтүп жатканда башка класстын окуучуларына угулуп турат. Бул абдан көйгөйлүү маселе, Кыргызстанда мындай маселе жок болсо керек", - деди ал.

Ошондой эле Тоң районундагы Көк-Сай айылында мектеп 80 жыл мурда курулган, азыр авариялык абалда экенин кошумчалады. Депутат аталган айылдарга мектеп курууну кийинки жылы планга киргизүүнү сунуштады.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14767