Бир бүлөдөгү 3 адамдын өлүмү. Прокурор айпыталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну суранды
RU

Бир бүлөдөгү 3 адамдын өлүмү. Прокурор айпыталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-ноябрда бир үй-бүлөнү, тагыраагы 3 адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Аширалиевдин ишин сотто кароо улантылды. Анда прокурор айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну сурады.

Прокурор Чынтемир Аширалиевдин күнөөсү толугу менен далилденди деп эсептеп, соттон Аширалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (автоунаасында табылган) курал-жаракты сактоо боюнча күнөөлүү деп таап, 1000 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыпка жыгууну суранды.

Ошондой эле "киши өлтүрүү" беренеси менен күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу менен өзгөчө режимдеги колонияга кесүүнү жана жабырлануучуларга 4 миллион 671 миң сом моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтурууга милдеттендирүүнү өтүндү.

Адвокат дагы айыпталуучуну өмүр боюга кесүүнү сурап, компенсация төлөп берүүнү талап кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14805