Кызы, баласы менен өлтүрүлгөн келиндин апасы: "Бала өзүнүкү, алар жашыруун үйлөнүшкөн"
RU

Кызы, баласы менен өлтүрүлгөн келиндин апасы: "Бала өзүнүкү, алар жашыруун үйлөнүшкөн"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин 5-кичи районунда кызы, уулу менен кошо өлтүрүлгөн Алтынай Канзаманованын апасы Жогорку Кеңештин айым депутаттарына жолукту. Жабырлануучу тарап менен депутаттардын жолугушуусундагы видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Анда маркумдун апасы Уру Дюшебаева соттук отурум 9 айдан бери созулуп, чечим чыкпай жатканына нааразычылыгын билдирип, айыпталуучу менен кызынын мамилеси тууралуу айтып берди.

"Ар бир соттук отурумга барганда "мен даяр эмесмин, мен ооруп жатам" деп кетип калат. Аширалиев оорукчан эмес, жакшынакай эле. Бирок мойнума албайм дейт. Мен мыйзамга, мусулманчылыкка таянып сотто унчукпай отурдум. Анын айткандарына мен жооп берсем болот болчу.

Ал дайыма түндө келчү. Мен кызымдыкына барганда да түндө келип, түндө кетчү. Менин кызым ага аябай ишенип алган. Каргашалуу күнү, 15-февралда кечинде кызым менен жакшынакай эле сүйлөшкөм. Эртеси күнү сүйлөшөйүн десем жок, түштө, кечинде да чалсам жок. Башкаларга "кабар алгылачы, эмне болду экен?" деп...

Мамилелери аябай жакшы экен. Алар жашыруун үйлөнүшкөн. Уул бала төрөлгөн, анык билем. Азыр өзүн куткаруу, актоо үчүн четке кагып жатат. 9 айдан бери ойлонуп, ушуну ойлоп таап жатат", - деди 82 жаштагы эне.

Башкы беттеги сүрөт: Жогорку Кеңеш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14766