Сот 40 миң доллар талап кылган блогерди психиатриялык ооруканага жаткыруу чечимин чыгарды
RU

Сот 40 миң доллар талап кылган блогерди психиатриялык ооруканага жаткыруу чечимин чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 40 миң доллар талап кылууга шектелген блогер Улан Бекмуратовду психиатриялык ооруканага жаткыруу чечими чыкты. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Маалым болгондой, Аламүдүн райондук сотунун 11-августтагы токтому менен шектүү жазык жоопкерчилигинен бошотулуп, кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган. Сот Улан Бекмуратовду Чым-Коргон айылындагы психиатриялык ооруканага мажбурлап дарылоо чечимин чыгарган.

Ошондой эле жабырлануучунун материалдык зыяндын ордун толтуруу талабын канааттандыруусуз калтырып, доо арызын жарандык сотко жөнөткөн.

Эске салсак, 3-майда милиция кызматкерлери ири суммадагы акча талап кылып, анын 37,3 миң долларын алды деген шек менен Улан Бекмуратовду кармаган.

Ал социалдык тармактарда коррупцияга каршы күрөш, транспорт каражаттарын техникалык кароо боюнча материалдарды активдүү жарыялап келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14822