40 миң доллар талап кылганга шектелген блогер СИЗОго киргизилди
RU

40 миң доллар талап кылганга шектелген блогер СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүндө опузалап 40 миң доллар талап кылганга шектелген блогер 2 айга камакка алынды. Чүй ОИИББден Kaktus.kg сайтына билдиришкендей, блогердин бөгөт чарасы 3-майда тандалган.

Аламүдүн райондук соту тарабынан У.Б. 2 айга тергөө камак жайына киргизилди.

Эске салсак, 3-майда милиция кызматкерлери ири суммадагы акча талап кылып, анын 37,3 миң долларын алды деген шек менен Улан Бекмуратовду кармаган.

Ал социалдык тармактарда коррупцияга каршы күрөш, транспорт каражаттарын техникалык кароо боюнча материалдарды активдүү жарыялап келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12068