Азырынча жол кире 25 сом эмес. Мэрия транспортто накталай акча төлөгөндөрдү "жазалайт"
RU

Азырынча жол кире 25 сом эмес. Мэрия транспортто накталай акча төлөгөндөрдү "жазалайт"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте автобус жана троллейбустарда жүрүү үчүн накталай жол киренин суммасы азырынча милдеттендирилбейт. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирген.

Эске сала кетсек, 1-ноябрдан тарта муниципалдык транспортко жаңычылдык киргизилген: накталай эмес төлөм менен жүргүнчүлөр үчүн жол кире мурдагыдай эле - 11 сомдон, ал эми жүргүнчү накталай төлөсө, анда 25 сом төлөөгө тийиш эле. Сазыкуловдун айтымында, бул жогоруда айтылган дифференцияланган тариф эмес, шаардын электрондук төлөм формасына өтүү саясатын этибарга албай, коомдук транспортто накталай төлөмдү улантып жаткан жарандар үчүн көрүлгөн "жаза".

Троллейбус менен автобустун айдоочулары жүргүнчүлөрдөн жол кире үчүн 25 сом талап кылбай, мурдагыдай эле иштеп жатышканын Kaktus.media сайтына билдиришти. Транспортто накталай акча төлөгөндөр да айдоочуларга мурда бекитилген тариф боюнча 11 сомдон акча сунуп жатышат.

Сазыкуловдун айтымында, бул системаны ишке киргизүү деталдуу изилдөө зарылдыгынан улам убактылуу жылдырылды.

"Учурда биз калк арасында накталай эмес төлөм көбүрөөк пайдалуу жана үнөмдүү экендиги боюнча түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп жатабыз. Бул чындыгында эле өз натыйжасын берип жатат: бир күндө накталай эмес операциялардын саны 38 миңге көбөйдү, бул көрсөткүчтөн 25% га көп. Дифференцияланган тарифти киргизүүнүн максаты - "жарандарды санариптештирүү демилгесин колдоого жана накталай эмес төлөмдөргө өтүүгө түрткү берүү. Бул иш-чаралар шаардык коомчулуктун жашоосун жеңилдетүүгө жана натыйжалуу жана ыңгайлуу төлөм чөйрөсүн түзүүгө багытталган. Бул маанилүү. Бул өзгөртүүлөр заманбап жана коопсуз төлөм чечимдерине болгон муктаждыкка жооп катары киргизилип жатканын түшүнүү керек", - деди ал.

Вице-мэр коомдук транспортто накталай акча төлөө мыйзамсыз экенин эскертти.

Эске салсак, мэрия бир канча жылдан бери коомдук траспорттордогу жол кирени төлөөнү накатай эмес түргө өткөрүү аракетин көрүп келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14881