"Эмарк групптун" директорунун камактагы мөөнөтү узартылды
3275
"Эмарк Групп" компаниясынын директору Чолпонбек Акматовдун камактагы мөөнөтү узартылды. Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, мындай чечим 30-октябрда кабыл алынган.
Бишкектин Октябрь райондук соту УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчүн канааттандырган. Ага ылайык, Чолпонбек Акматов 2024-жылдын 4-январына чейин СИЗОдо кармалат.
Белгилесек, Ч. Акматбеков 13-октябрда "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" беренеси боюнча айыпталып, 4-ноябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/14895