Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин кармалган ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер. Тизме
RU

Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин кармалган ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Көлбаев (Асанбек) 4-октябрда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция учурунда атып өлтүрүлгөн. Андан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев мындан ары өлкөдө криминалдар болбой турганын айткан, анын сөзүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да кубаттап, криминалдар менен күрөшүүдө эл жардам берип турса болду деп кайрылган.

Кийин президент Садыр Жапаров криминалдарга каршы күрөш жана Камчы Көлбаевдин өлүмү боюнча үн катып, атайын операциянын мыйзамдуулугу текшерилерин белгилеген.

Кримавторитеттин өлүмүнөн кийин эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана криминалдар буга чейинки статустарынан баш тартып, кылмыштуу чөйрөдөн кеткендерин айтып чыгышты. Ошондой эле Көлбаев жана анын уюшкан кылмыштуу тобу менен тыгыз байланышы бар делинип бир катар адамдар кармалды. Арасында ишкерлер жана мамлекеттик кызматкерлер да бар.

Турсунтай Салимов

8-октябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты, "Мадина" базарынын кожоюну Турсунтай Салимов кармалды.

УКМКнын алдын ала маалыматы боюнча, Т. Салимов криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен узак убакыт бою тыгыз байланышта болуп, алардын мыйзамсыз каржылык байлыктарын тынымсыз көбөйтүп, алардын топторунун жашоо шартына колдоо көрсөтүп келген. Муну менен ал Көлбаевдин жана анын кылмыштуу тобун мезгил-мезгили менен өз керегине жана жеке кызыкчылыгына, атаандаштарын жана башка адамдарды коркутуп-үркүтүү, кысымга алуу максатында пайдаланып жүргөн.

Ал эми Салимовдун өкүлү Нурлан Ибраимов ишкер менен Көлбаевдин эч кандай тиешеси жок экенин, алар кошуна гана экенин билдирген.

9-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Салимовдун баш коргоо чарасы тандалып, 2023-жылдын 9-декабрына чейин камакка алынды.

Эрнис Минкеев

9-октябрда "Авангард стиль" курулуш компаниясынын директору Эрнис Минкеев Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" беренеси боюнча кармалып, 4-ноябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынды.

Ахрор Иминов

11-октябрда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кармалды. УКМК кабарлагандай, ал жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы фондуна салык (жалпы пайданын болжол менен 30%) деп аталган каражаттарды чогултууга катышкан. А. Иминов "Уюшкан топ түзүү же ага катышуу" менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Камчы Көлбаевди уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылаганга шектелүүдө.

Олег Подобедов

УКМК тарабынан К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси барларды аныктоо иш-чараларынын жүрүшүндө 11-октябрда ишкер Олег Подобедов кармалды. Ишкердин фирмаларынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө буйрук берилди.

Азрет Боотаев

11-октябрда УКМК Kaganat Resort жана "Аврора Групптун" тең негиздөөчүсү Азрет Боотаев кармалганын кабарлады. Ал Камчы Көлбаев менен байланышы бар деп шектелүүдө.

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна карата "кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Азрет Боотаев 4-октябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Юстиция министрлигинин маалымат базасында Боотаевдин компаниялары боюнча төмөнкүлөр көрсөтүлгөн:

  • "Аврора Групп" ЖЧКсынын директору жана негиздөөчүсү. Компания 2018-жылы катталган. Ишмердүүлүгү - кыймылсыз мүлктү ижарага берүү.
  • "Аврора Инвестмент" ЖЧКсынын негиздөөчүсү. Ишмердүүлүгү - турак жана турак жай эмес имараттарды куруу. 2023-жылдын июль айында катталган. ЖЧКнын директору Алиев Гаирбек Махачевич.
  • "Аврора Девелопмент" ЖЧКсынын директору жана негиздөөчүсү. Компания 2023-жылдын июль айында катталган. Ишмердүүлүгү - турак жана турак жай эмес имараттарды куруу.

Тимур Файзиев

"Элит Хаус" курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиев 10-октябрда УКМКга суракка чакыртылып, андан кийин кармалган. 11-октябрда Октябрь райондук соту тарабынан Файзиевди 9-декабрга чейин Бишкектеги СИЗО-1ге камоо боюнча бөгөт чарасы тандалды. Ал кылмыштуу кирешелерди легалдаштырган деп (адалдоого) айыпталууда.

Арстанбек Темирбаев

12-октябрда "Альфа Телеком" ЖАКтын (MegaCom) башкы директорунун мурдагы биринчи орун басары Арстанбек Темирбаев СИЗОго киргизилгенин Бишкек шаардык соту билдирди.

Темирбаев УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)" беренеси менен айыпталууда.

Белгилей кетсек, Арстанбек Темирбаев 2005-2010-жылдары президент болгон Курманбек Бакиевдин иш башкаруучусу болуп иштеген Темирбаев Курманбек Токтосуновичтин уулу.

Чолпонбек Акматов

13-октябрда "Эмарк Групп" ЖЧКсынын директору Чолпонбек Акматов кармалды. Ал "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" беренеси боюнча айыпталып, 4-ноябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынды.

Ондогон бажы кызматкерлери иштен айдалды

18-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери кызматтарынан кол жууду. УКМК берген маалыматка ылайык, жогорудагы бажычылар кримавторитет Камчы Көлбаев жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен тыгыз байланышта болгону аныкталган.

Спортчу Мурат Рамонов

"ЦУМ Айчүрөк" соода борборунун ээсинин жардамчысы, спортчу, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын 12 жолку чемпиону 25-октябрда кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Белгилүү балбандын уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы бар деп шектелүүдө. Рамонов алгач УКМКга суракка чакыртылып, андан соң убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Башкы беттеги сүрөт: infomir.kg.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14797