Президент аты жок мөңгүгө БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымын берүү мыйзамына кол койду
RU

Президент аты жок мөңгүгө БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымын берүү мыйзамына кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Кыргызстандагы аты жок мөңгүгө "Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян" географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө" Мыйзамга кол койду.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан №354 аты жок мөңгүгө Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян аталышы берилди.

Мыйзам 2023-жылдын 5-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14917