Кыргызстандагы эки тоо чокусуна БАЭ менен Арабиянын негиздөөчүлөрүнүн ысымдары ыйгарылды
RU

Кыргызстандагы эки тоо чокусуна БАЭ менен Арабиянын негиздөөчүлөрүнүн ысымдары ыйгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

8-июнда Жогорку Кеңеште шейх Заид ибн Султан Аль Нахайян жана падыша Абдулазиз аттуу мөңгүлөргө географиялык аталыштар ыйгаруу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды.

Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү шейх Заид ибн Султан Аль Нахайяндын аты менен аталган мөңгү Ысык-Көл районундагы Ак-Шыйрак кырка тоосунун түндүк-батыш капталында жайгашкан.

Сауд Аравиянын негиздөөчүсү жана биринчи падышасы Абдулазиз ибн Абдуррахман ибн Файсал Аль Сауддун ысымы менен аталган мөңгү дагы Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Министрлер кабинети араб мамлекеттеринин мурдагы жетекчилеринин ысымдарын ыйгаруу чечими эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө жана өнүктүрүү максатында жана Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алынганын белгиледи.

Талкууда депутат Адахан Мадумаров Кыргызстандын чыгаан инсандарынын аттары чокуларга, мөңгүлөргө ыйгарылганы тууралуу маселени тактады. Ушундай эле суроолорду депутаттар Марат Мураталиев менен Мирлан Самойкожо да көтөрүштү. Алардын айтымында, биринчи кезекте Кыргызстандын чыгаан инсандарынын элесин түбөлүккө калтыруу керек. Бул мыйзам долбоорлорун депутаттар Балбак Түлөбаев, Жусупбек Коргонбай уулу, Кундузбек Сулайманов, Аманкан Кенжебаев колдошту.

Талкуудан кийин депутаттар мыйзам долбоорун колдошту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12851