УКМК ЦУМдун кожоюнуна сырттан айып тагылганын билдирди. Ишкана маалыматты четке какты
RU

УКМК ЦУМдун кожоюнуна сырттан айып тагылганын билдирди. Ишкана маалыматты четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Бишкектеги ЦУМ соода борборунун кожоюну Габбазов (азыр Маметов) Анвар Илшатовичке эл аралык издөө жарыяланды. Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергөө жүрүүдө.

Анын алкагында ЦУМ-Айчүрөк соода борборунун ээси Габбазов (азыр Маметов) Анвар Илшатовичке карата 263-берененин 1-бөлүгүндө (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды.

А.Габбазов кримавторитеттин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген.

Аталган жаран улуттук коопсуздук органдары тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Габбазов өзүнүн жардамчысы Рамонов М.Т. аркылуу К.Асанбекке Mercedes-Benz-222 брондолгон унаасын белекке берген, унаа А.Габбазовдун жеке каражатына сатылып алынган. 2020-жылдын октябрь айында алар аталган унааны экс-премьер-министр Сапар Исаков абактан чыккандан кийин өткөрүп беришкен.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында А. Габбазов жана К. Көлбаев аффилиацияланган жактар менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кара-Ой айылындагы баасы 15 млн доллары болгон мурдагы "ЗИЛ" пансионатынын 42 гектар жерин мыйзамсыз ээлеп, өз адамдарына каттатып алышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан тышкары А. Габбазов менен К. Көлбаевдин ортосундагы жалпы финансылык иштер жана кызматташуу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, А.Габбазов Бишкектин престиждүү аймактарынын биринде жайгашкан, мурда К. Көлбаевдин жакын тууганынын наамына катталган кымбат батирди, ошондой эле Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Каганат" эс алуу борборунан коттедж сатып алган.

Учурда А. Габбазовго эл аралык издөө жарыяланып, тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жогорудагы адамдын жүргөн жери тууралуу маалымат билгендер болсо кабар берип коюуну УКМКдан өтүнүшөт. Байланыш номери: 0312 66-04-75, 0312 66-65-04.

Бул маалыматтан кийин ЦУМ-Айчүрөк ишканасынын администрациясы Анвар Габбазов ЦУМдун кожоюну эместигин жарыялашты.

Маалыматка ылайык, А. Габбазов ишкананын акционери да, кызматкери да болгон эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14931