Экс-өкмөт башчы Сапар Исаковго Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү брондолгон унаа берген
RU

Экс-өкмөт башчы Сапар Исаковго Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү брондолгон унаа берген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын экс-премьер-министри Сапар Исаковго кримавторитет Камчы Көлбаевдин (Асанбектин) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан белекке берилген кымбат баалуу брондолгон унаа аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

К.Көлбаевдин жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз алынган мүлктөрүн аныктоо боюнча көрүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Р.М.Т. кармалды.

Ал К. Көлбаевдин кылмыштуу жол (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен алынган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталды.

"Тактап айтканда, 2020-жылдын октябрь айында Мурат Рамонов 2015-жылы чыгарылган "Мерседес-Бенц S600" брондолгон унаасын экс-премьер министр Сапар Исаков абактан чыккандан кийин ага өткөрүп берген. 2020-жылдын 5-октябрында С.Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны борбордук "Ала-Тоо" аянтында массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде колдонгон", - дешти УКМКдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14831