Азим Ройго Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылаган деп сыртынан айып тагылды
RU

Азим Ройго Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылаган деп сыртынан айып тагылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук комитети К. Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергөөнү улантууда. Анын алкагында улуттук коопсуздук органдары тарабынан Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго сыртынан айып тагылып, издөө жарыяланды.

УКМКдан билдиришкендей, Азим Рой - Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган, туулгандагы аты-жөнү Орозахун Сайдазимов, учурда Россия Федерациясынын жараны.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) жана 224-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-бөлүгү (Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү) боюнча каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды.

Азим Ройдун К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылап, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгендиги такталып, издөөгө алынды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Азим Рой криминалдык авторитет К. Көлбаевдин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен Бишкекте курулуп жатат Arstan tower бизнес борборунан 10 млн долларды түзгөн 6000 чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алган. Муну менен катар Көлбаевдин жалпы каржы иштерин биргелешип башкарган фактылар да аныкталган. Тактап айтканда, Азим Рой Бишкектин престиждүү жерлеринин биринде жайгашкан, аянты 500 чарчы метр, болжол менен 1 миллион долларды түзгөн кымбат батирди сатып алып, жубайы Н.З.Х`нын атына каттаган. Иш жүзүндө ал батирде К. Көлбаев жашап келген.

Ошондой эле А. Рой Бишкектин четиндеги элиталык шаарчалардын биринде К. Көлбаевдин үйүнүн жанында жайгашкан жалпы аянты 1000 чарчы метр, баасы 2 миллион доллар болгон дача үйгө ээлик кылган. Андан тышкары Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Каганат" эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттедж да А.Ройго таандык болгон.

Азим Ройдун жүргөн жери тууралуу маалымат болсо кабар берип коюуну УКМКдан өтүнүшөт. Байланыш номери: 0312 66-04-75, 0312 62-65-04.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14950