Азим Рой Кыргызстандын улуттук коопсуздугун бекемдөөгө 22 миллион сом каражат берди
RU

Азим Рой Кыргызстандын улуттук коопсуздугун бекемдөөгө 22 миллион сом каражат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жеке ишкер Азим Рой Кыргызстандын улуттук коопсуздугун бекемдөөгө 22 миллион сомдон ашык каражат которду. Маалыматта Kaktus.media`га күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар билдиришти.

Айтымдарында, Азим Рой 19-сентябрда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин эсебеине 22 миллион 596 миң сом которгон. Анда "Азим Ройдон Кыргыз Республикасына улуттук коопсуздугун чыңдоо максатында демөөрчүлүк жардам" деп белгиленген.

Өздүк булактар белгилегендей, ишкер акчаны кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу которгон. Расмий маалыматка ылайык, учурда 59 адам каза болуп, 198 кыргызстандык жаракат алышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8558