"Кайын журтум кыздар заара ушатат деп доомат коюшчу". Эгиздердин апасы өз версиясын айтты
RU

"Кайын журтум кыздар заара ушатат деп доомат коюшчу". Эгиздердин апасы өз версиясын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Апасы тарабынан сабалган эгиз кыздардын укугун коргоону акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өз көзөмөлүнө алды. Аталган институттан билдиришкендей, видео жарыялангандан кийин дароо эле Акыйкатчы институттун кызматкерлерине кыздардын укугун коргоону камсыздоо тапшырмасы берилген.

Кыздар соттук-медициналык экспертизадан өтүштү

Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү экспертиза жүргүзгөн Араван райондук соттук-медициналык эксперттер менен жолугуп, кыздардын абалы тууралуу маалымат алышты.

Эксперттердин айтуусунда, кыздардын денесинде көптөгөн көгала тактар, шишиктер жана ийне менен сайылган тактар аныкталган. Медицина кызматкерлери жабыр тарткан кыздардын абалы орто оор, бирок туруктуу дешкен.

Эгиздерге жөлөк пул берүү токтоп калган

Араван райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери берген маалымат боюнча, эгиз кыздарга 2022-жылдын 1-майынан 2023-жылдын 30-апрелине чейин ар бирине 1200 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнүп келген. Андан кийин тийиштүү документтер толук тапшырылбагандыктан 2023-жылдын май айынан бери кыздарга жөлөк пул төлөнгөн эмес.

Келин өз версиясында ачуусун кыздарынан чыгарганын айткан

Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалган келин С.Д. Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине окуя боюнча өз версиясын айтып берген.

Анын айтымында, жарандык никедеги жолдошунун бир туугандары жана анын апасы ага психологиялык басым жасап келишкен. Ызаалангандан улам ачуусун эгиз кыздарынан чыгарып жүргөн.

"Алар мени ар дайым кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүшчү. Кыздарымды төшөккө заара ушатып жатат деп доомат коюшчу. Кайненем кыздарымды сабап, алардын денесине ийне сайгылап кордоп келген", - деген.

С.Д. ата-энесинен эрте ажырап, чоң энесинин колунда өскөн. Мектепти 9-класска чейин окуп, кийин окуусун уланткан эмес.18 жашка чыкканда турмушка чыгып, эгиз кыздуу болгон. Кийин жолдошу менен ажырашып кетип, балдары менен атасынын үйүнө барган. Бирок С.Д.нын атасынын карындашы анын атасынын үйүнө кирип алып, аны киргизбей койгон.

Келин С. Х. аттуу жаран менен никеге туруп, анын туугандарынын үйүндө жашап калат, бирок кайын журту анын кыздарын кабыл алышкан эмес. Айтымында, кайын энеси эгиздерди сабап, кордоп келген.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү келиндин айткан версиясын текшерүү үчүн тиешелүү органдарга билдирме жөнөтүштү.

Укук коргоо органдары берген маалыматтарга таянсак, кармалган аялдын жарандык никедеги жолдошунун апасына жана анын карындашына соттук-психиатриалык экспертиза дайындалды.

Акыйкатчы укук коргоо жана прокуратура органдарын кыздардын укуктарын коргоону камсыздоого чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14954