Эгиз кыздардын сабалышы. Социалдык кызматкер үй-бүлө тууралуу айтып берди
RU

Эгиз кыздардын сабалышы. Социалдык кызматкер үй-бүлө тууралуу айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Араван районунда эгиз кыздарын сабаган келинге карата 2024-жылдын 6-январына чейин камакка алуу бөгөт чарасы тандалган. Анын аракети боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бөбөктөр буга чейин да сабалганбы?

Бул ишти акыйкатчы Жамиля Жаманбаева көзөмөлүнө алып, институттун аймактагы адистери абакта жаткан аял, дарыгерлер, милиция, социалдык кызматкерлер, туугандары менен сүйлөшкөн.

Акыйкатчынын кеңешчиси Ибраим Нуракун уулу алынган маалымат боюнча кыскача айткан. "Эгиз кыздардын денелеринде зордук-зомбулуктун жаңы жана эски тактары болгон. Ал эми бөбөктөрдүн апасы кайненеси дагы кыздарды сабап, колдоруна, тилдерине ийне менен сайгылачу деп айтып бериптир", - деп жазган.

Эгиз кыздар жана алардын ата-энеси тууралуу маалымат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин облустук башкармалыгынын башчысы Расулжон Нурягдиев Kaktus.media`га окуянын чоо-жайы боюнча айтып берди.

Анын айтымында, келин жана анын биринчи күйөөсү (эгиз кыздардын атасы) толук кандуу эмес үй-бүлөдө чоңойгон. Келиндин ата-энеси бир канча жыл мурда ажырашып, апасы Өзбекстанга кеткен, ал эми кыз атасы жана өгөй апасы менен жашаган. Кордук көргөн кыздардын атасы жетим, туугандарынын үйүндө жашаган.

"Жаштар бир нече жыл мурда баш кошуп, алгач баланын туугандарынын үйүндө жашашкан. Кийинчерээк өз алдынча бөлүнүп жашашкан. Кишинин айтымында, ал өз күчү менен эки бөлмөлүү убактылуу бастырма куруп, үй-бүлөсү менен ошол жерге көчүп барган. Жубайлар эгиз кыздуу болушкан. Ушул жылдын июнь айында Россияга иштегени кеткен. Бул учурда ажыраша элек болчу. Айтымында, ал үй-бүлөсүнө 3, 5, 7 миң сомдон жөнөтүп турчу. Бир нече убакыт өткөндөн кийин алардын ортосунда пикир келишпестиктер башталып, ажырашууну чечишкен. Аялы кыздарды алып үйдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк келин экинчи жолу турмушка чыккан", - деди Нурягдиев.

Кыздардын сабалганы боюнча видео социалдык тармактарга жайылгандан кийин жакындары ал кишиге абалды айтып, Россиядан эртеси эле келген.

"Ал кыздарды өзү багып алам деген ниетин билдирип, комиссиянын чечими менен алар атасына өткөрүлүп берилди. Биз ага балдарды, өзгөчө эгиз кыздарды багуу өзгөчө күч-аракетти талап кыларын түшүндүрдүк. Ал бардыгын түшүнөрүн, ошентсе да кыздарды өзүнө алып каларын айтты. Өзү ата-энеси жок чоңойгондугун, кыздарынын башынан да мындай балалыктын өтүшүн каалабай турганын айтат. Кыздар азыр ооруканада ага туугандары жардам берип жатышат. Кыздардын абалы канааттандырарлык. Албетте, бөбөктөр коркуп калышкан, анткени алар психологиялык жактан чыңалган чөйрөдө жашаган", - дейт Социалдык камсыздоо министрлигинин өкүлү.

Нурягдиев кошумчалагандай, кыздардын ата-энесинин нике күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү бар, аларда эч кандай документ жок деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ошондой эле социалдык кызматкерлер келин менен дале сүйлөшө электигин кошумчалады адис.

"Бул окуя боюнча социалдык кызматкерлер кабардар болуп, аял кармалган. Биз аны РИИБден гана көргөнбүз. Азырынча аны менен сүйлөшө алган жокпуз", - деди ал.

Сурак маалында келин эгиз кыздарын заара ушатканы үчүн сабаганын айткан. Бөбөктөрдү өгөй атасы эмес, апасы сабап жатканын далилдөө үчүн азыркы күйөөсүнүн тууганы телефонуна тартып алган.

Мындан ары кыздар кимдин карамагында болот?

Расулжон Нурягдиев эгиздер ким менен жашайт деген суроо кийинчерээк караларын билдирди.

"Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, соттун чечимин күтүшүбүз керек. Андан кийин биздин комиссия балдардын жашаган жерин андан ары аныктоо маселесин карайт. Азырынча энелик укугунан ажыратуу маселеси көтөрүлө элек", - деп билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14939