Караколдо 47 жаштагы киши аялын компьютер менен чаап салган
RU

Караколдо 47 жаштагы киши аялын компьютер менен чаап салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Караколдо 47 жаштагы киши аялын монитор менен сабап салган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ызы-чуу тууралуу 16-ноябрда Каракол ШИИБине маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган ыкчам топ 1976-жылы туулган Э.Н. аттуу киши менен 1983-жылы туулган О.М. аял урушуп кетишкенин аныктаган.

Териштирүү учурунда күйөөсү аялы иштеген дүкөнгө барып, ызы-чуу чыгарып, компьютер менен аялын урганы аныкталган. Ошондой эле киши дүкөндү өрттөйм деп коркуткан.

Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Аялга коргоо ордери, ал эми анын күйөөсүнө эскертүү берилди. Бул факты боюнча тергөө иштери башталды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14966