Өзгөндө эркек киши бычылганы айтылды. Шектүү катары айылдашы кармалды
RU

Өзгөндө эркек киши бычылганы айтылды. Шектүү катары айылдашы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Ош облусунун Өзгөн районунда "эркек киши таанышын бычып салды" деген билдирүүлөр тарап, видеосу да бар экени айтылды. Бул боюнча облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына буларды билдирди.

14-ноябрда саат 00:30 чамасында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага 44 жаштагы жаран жаракат менен түшкөнү маалымдалган. Билдирүү каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.

Такталгандай, 13-ноябрда саат 22:00 чамасында Куршаб айылынын 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну 44 жаштагы Э.Т. деген айылдашын үйүнө чакырган. Ортодо өз ара пикир келишпестик жаралып, үй ээси айылдашына бычак менен жаракат келтирип, электр мамыга жип менен байлап койгон. Милициянын аймактык тескөөчүлөрү жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматына өткөргөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө (Ден-соолукка оор залал келтирүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен иш козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургун кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14962