Камчыбек Ташиев Садыр Жапаров Азим Рой менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтып берди
RU

Камчыбек Ташиев Садыр Жапаров Азим Рой менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен издөөгө алынган Азим Рой тууралуу маалымат берди.

УКМКнын кезектеги имаратынын ачылышында Камчыбек Ташиев Рой Кыргызстанга келгенде аны президент Садыр Жапаров жана Ташиев өзү кабыл алганын белгиледи.

"Андан кийин кылмыштуулуктан баш тартканын, инвестор экенин, акчасы бар экенин айтып, завод-фабрикаларды курууга, элди жумуш менен камсыз кылууга инвестиция салууну сунуштаган, президент макул болуп, иштөөгө уруксат берген, болгону мыйзамды бузбоосун суранган. Эки жыл өтүп кетти бул убакыттын ичинде Азим Рой завод фабрика да курбады.Тескерисинче жеке бизнесин баштап, коркутуп, элди тоноп, мамлекеттик чиновниктерди өз акчасы менен сатып ала баштаган. Бизге мындай инвесторлордун кереги жок, Азим Рой, ал ким болбосун, мыйзам чегинде жооп берет", - деди УКМКнын башчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14971