"Жарандарга ипотека аркылуу берилет". Ташиев Көлбаевдин батирлери эмне болоорун айтты
RU

"Жарандарга ипотека аркылуу берилет". Ташиев Көлбаевдин батирлери эмне болоорун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кармоо операциясында өлтүрүлгөн Камчыбек Көлбаевге тиешелүү батирлердин тагдыры эмне болорун айтты.

КР УКМКнын Чүй облусу боюнча Панфилов райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде ал белгилегендей, үч жылдын ичинде мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин иш-аракеттери менен 120 млрд. сом бюджетке кайтарган, ал учурда 2023-жылга болгон мамлекеттик бюджет 550 млрд. сомду түзгөн.

Ал ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жакындарына, аялдарына жана балдарына кайрылды. "Мыйзамды бузбаса, тийбейбиз, Көлбаев тууралуу айтып берейин, аялы жан багуу үчүн ресторан калтырууну суранды, биз аны ага калтырдык, ал машина сурады - биз калтырдык. Үч кызы көчөдө калбасын деп бирден батир калтырдык. Эки уулуна эки батир эки жер тилкесин калтырдык. Унааларга техникалык кызмат көрсөткөн жайды калтырдык. Тагыраагы, адал эмгек менен акча таап, жашасын. Бирок мыйзамсыз чогултулган миллиондорду, миллиарддарды, үйлөрдү, мүлктөрдү мамлекетке кайтарып бердик. Жалпы эсептеп көрсөк 20млрд сом бюджетке кайтарылды. Калганы дагы мамлекетке берилет.

Бир комплексте 700 батир, экинчисинде 60, башкаларында 20-30-40 батири болгон. Алардын баары Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу карапайым жарандарга берилет. Жөнөкөй жарандарга шартты жакшыртышыбыз керек", - деди Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14969