Постто турган эки жоокердин бири экинчисин атып алып, окуя болгон жерден из жашырды
RU

Постто турган эки жоокердин бири экинчисин атып алып, окуя болгон жерден из жашырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Ички аскерлер кызматынын Жалал-Абаддагы бөлүгүндө кырсык катталды. Маалыматка караганда, эки жоокердин бири экинчисине ок чыгарып, жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Ички аскерлер кызматынан Kaktus.kg сайтына ырасташты.

Алдын ала маалымат боюнча, эки аскер тең Токтогул ГЭС каскадынын автобазасынын жанындагы постто күзөттө турушкан. Бүгүн, 20-ноябрда саат 06:00 чамасында 2002-жылы туулган Т.Б. автомат менен 2003-жылы туулган С.Т`га ок атып алган. Окуядан кийин ал куралды алып, постту таштап кеткен. Каза болгон жоокердин сөөгүн окуяга күбө болгондор табышты.

Учурда Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларында качып кеткен аскерди кармоо планы жарыяланып, издөө иштери жүрүп жатат.

Белгилүү болгондой, жоокерлер кызматка жазында чакырылып, кызмат өтөп жатышкан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: rusevik.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14979