Баткенде 27 жаштагы жоокер каза тапты
RU

Баткенде 27 жаштагы жоокер каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендеги чек ара отрядында келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан жоокер каза тапты. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашат.

Андагы маалыматка караганда, 27 жаштагы Ы. уулу С. аттуу прапорщик 8-ноябрда спорттук атайын иш-чараларды өткөрүү учурунда техникалык коопсуздук эрежелерин бузуунун натыйжасында баш мээсинен жаракат алып, ыкчам түрдө Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай жоокер каза тапты.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бул факты боюнча бардык тиешелүү органдарга маалымат берилди. Териштирүү жүрүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14902