"Атасы абакта жатат". Баласын таштаган келин кандай шартта төрөгөнүн айтты
RU

"Атасы абакта жатат". Баласын таштаган келин кандай шартта төрөгөнүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбор калаанын Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин алдына ташталган баланын ишин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Жамиля Жаманбаеванын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери төрөт үйүнө барып, ымыркайдан кабар алышты.

"Башкы дарыгердин маалыматы боюнча, 19-ноябрда саат 23:05те кабыл алуу бөлүмүнө милиция кызматкерлери катуу үшүп калган жаңы төрөлгөн баланы алып барышкан.

Балага бронхопневмония деген диагноз коюлган. Азыр наристе дарыгерлердин көзөмөлүндө, кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат, дарылоо программасына антибиотиктер кошулду. Институттун кызматкерлери төрөт үйүнүн башкы дарыгери менен дайыма байланышта болуп жатышат", - дешти институттан.

Андан тышкары Ленин РИИБдин убактылуу кармоочу жайында отурган баланын энеси Ж. С. менен сүйлөшүү жүргүзүлдү. Келин институттун кызматкерлерине кандай жагдайда төрөгөнүн айтып берди.

Анын айтымында, үй шартында төрөгөн, ата-энеси анын кош бойлуу экенин билишкен эмес. Баланын атасы ким экенин билет, ал адам учурда абакта жатат. Кармоо шарттарына даттанган эмес.

Келин Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси боюнча айыпталууда, ага мамлекеттик жактоочу берилген. Тергөө тарабынан тиешелүү экспертиза дайындалган.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды баланын укуктарын коргоону камсыздоого чакырат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: pixabay.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15001