Арча-Бешикте баласын таштап кеткен келин үй камагына чыкты
RU

Арча-Бешикте баласын таштап кеткен келин үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Арча-Бешик конушуна ымыркайын таштаганга шектелген 20 жаштагы келин үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, мындай чечимди бүгүн, 22-ноябрда Ленин районунун тергөө судьясы кабыл алды.

Белгилесек, 19-ноябрда Арча-Бешик конушундагы Кара-Кужур көчөсүндөгү үйдүн дарбазасынын жанынан желим баштыкка оролуп, коробкага салынган абалда ымыркай табылган айтылган.

Бул факты боюнча милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштап, 20-ноябрда баланын энеси табылган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14999