Зордук-зомбулукка кабылган аялдарга, балдарга ыкчам жардам көрсөтүүчү унаалар ишке кирет
RU

Зордук-зомбулукка кабылган аялдарга, балдарга ыкчам жардам көрсөтүүчү унаалар ишке кирет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана андан жапа чеккен аялдарга, балдарга тез жардам көрсөтүү үчүн унааларды тапшыруу аземи өттү.

Калаа башкармалыгынан билдиришкендей, мэр Айбек Жунушалиев төрт райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилерине жаңы унаалардын ачкычын тапшырды.

Социалдык унаа Кыргызстандагы жалгыз социалдык кызмат. Анын иши - ырайымсыз же зомбулукка кабылган балдарга тез жардам көрсөтүү.

  • балдарды өмүрүнө коркунуч туудурган кырдаалдардан тез арада чыгарууда жана аларды борборлорго жеткирүүдө;
  • балдарды интернатка которууда тергөө иштерине, соттук териштирүүгө, медициналык кароолорго балдарды коштоп жүрүүгө;
  • рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө кайырчылыкка, селсаяктыкка катышкан аялдарды жана балдарды, кароосуз калган жашы жете электерди аныктоодо шашылыш барууга;
  • турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоо боюнча шаардык жана райондук рейддердин жүрүшүндө жер-жерлерге чыгууга.

Социалдык унаанын салонунда документтерди тариздөө, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн үстөл орнотулуп, аялдарды жана балдарды ташууга, мобилдик топтун кызматкерлерине шарттар түзүлгөн. Бул кызмат суткасына 24 саат, жумасына 7 күн көрсөтүлөт.

Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акция 25-ноябрда башталат, анда аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырат. Глобалдык кампания жыл сайын 25-ноябрда Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрга чейин адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин уланат.

16 күндүк өнөктүк аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук боюнча унчукпай коюуну жана дискриминациянын бардык түрлөрүн токтотуу үчүн жамааттык аракеттерди жандандырууну көздөйт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15021