Мирлан Самыйкожо желек жөнүндө мыйзам долбоору жасалма жол менен өткөрүлгөнүн айтты
RU

Мирлан Самыйкожо желек жөнүндө мыйзам долбоору жасалма жол менен өткөрүлгөнүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Мирлан Самыйкожо желек жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилери документти биринчи окууга жашыруун алып келишкенин айтып, анын ордуна кимдир бирөө өзгөртүүгө "макул" деп добуш бергенин айтып чыкты.

Ал элдин 90 пайызы желекти өзгөртүүгө каршы экенин белгилеп, анын ордуна "макул" деп добуш берген кишини жооп берүүсүн талап кылды.

"Жашыруун түрдө, жасалма жол менен тууну алып кирип, өткөрүп койдуңар, бул бир!

Экинчи нерсе, менин компьютеримден "макул" деген добушту басып койдуңар. Ким басса дагы жооп бериши керек. Ким басса да жооп бериши керек! Мен караманча каршымын туунун өзгөрүшүнө.

Үчүнчү нерсе, Баш мыйзамда жазылып турат: 2-берененин 5-бөлүгүндө "Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка маселелер референдумга коюлушу мүмкүн" деп. Референдумду өткөрүү мыйзамы Конституция менен белгиленет деп турат. Бул эмне мамлекеттик маанидеги иш эмеспи?! Туу деген биздин атрибуттарыбыздын эң негизгиси эмес беле, биздин ЭН тамгабыз эмес беле?!

Кечээ дагы комитетке туунун авторлорун алып келген жоксуңар. Муну дагы алешемдик менен, алдамчылык жол менен өткөрүп алдык. Бул эмне деген маскарапозчулук! Эмне деген көз боёмоочулук! Эмне деген абийирсиздик! Эшиктеги элдин 90 пайызы каршы деп турат! Эмне, кулагыбыз укпай, кулагын асып жүрүп укпагандар, көздөрүн ачып туруп уктагандар биз болуп жатабыз! Референдум кылыш керек эле. Мен дагы бир жолу кайталап айтып коёюн. Мен жокто менин компьютеримден туу боюнча "макул" деп добуш берген киши жооп бериши керек! Ким берген болсо да жооп бериши керек.

Мындай болбойт туугандар! Албетте, мен парламенттикке, парламентаризмге баш ием, сыйлайм, урматтайм. 66 добуш менен өткөрүп жатасыңар, мейли, көптөп кеттиңер, айла жок! Бирок эл менен эсептешпей койдук! Ушул жерде эл бизди барып, тууну каалагандай өзгөртүп, каалагандай добуш бергиле деп шайлаган эмес!", - деп нааразычылыгын билдирди эл өкүлү.

Эске салсак, бүгүн желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун депутаттардын көпчүлүгү биринчи окууда колдоду. Анда 66 депутат макул, 8 депутат каршы добуш берди.

Ошол эле парламенттин жыйныныда депутат Динара Ашимова желекти эле эмес, гимнди да өзгөртүүнү карап чыгуу сунушун айтты.

Буга чейин, депутат Дастан Жумабеков референдум өткөрүү керектигин айтып, өзгөртүүлөргө каршы пикирин билдирген эле. Желекти өзгөтүүгө каршы пикирин айткан депутаттардын арасында Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев, Акбөкөн Таштанбеков, Эрулан Кокулов да бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15045