Депутат гимнди өзгөртүүнү сунуштады
RU

Депутат гимнди өзгөртүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жалпы жыйында депутат Динара Ашимова желек менен бирге гимнди өзгөртүү боюнча тегерек стол өткөрүүнү сунуштады. Ал парламенттин жыйынында желекти өзгөртүү боюнча сунушту колдой турганын ырастады.

"Негизи бул мыйзам долбоорун чечкиндүү кадам деп эсептейм. Ошондуктан мен колдойм. Себеби, символикага өтө чоң маани берилген. Керек болсо оймолордо, үйдүн жасалгасында туура символдорду колдонуу керек деп эсептешкен. Биздин желекте "күн карамабы же кандайбы" деп суроо жаралып калбаш керек. Ошого мен негизинен колдойм.

Ошо менен бирге мындай талкууну жаратпаш үчүн тегерек стол өткөрбөйсуздөрбү, экинчи окууга чейин? Пофессионалдарды чакырып, карап, анан бир гана желекти карабастан, мүмкүн гимнди да карап көрөбүз. Өзгөрткөнгө жараша ар тараптуу, өтө терең мамиле кылып туруп, анан кийин өзгөртпөйлүбү деген менде сунуш бар", - деди эл өкүлү.

Эске салсак, бүгүн, 29-ноябрда депутаттар желекти өзгөртүү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15044