"Көк, ак, кызыл". Депутат бийлик желектин өңүн, гимн жана гербди да өзгөтсө болот дейт
RU

"Көк, ак, кызыл". Депутат бийлик желектин өңүн, гимн жана гербди да өзгөтсө болот дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Арсланбек Малиев желектин өңүн көк кылып өзгөртүү сунушун айтты. Ал азыркы туу Советтер Союзунан деп белгилеп, жаңы бийлик желекти, гимнди, керек болсо гербди да өзгөртсө болот деп эсептейт. Ал мисал катары Грузияны айтып, жаңы бийлик келгенде желегин алмаштырганын айтып өттү.

"Бул советтер союзунан калган туу болуп жатпайбы. Болбосо чогуу болсун: көк, кызыл, ак болушу мүмкүн. Концепция боюнча мен макулмун. Себеби, жаңы бийлик келди, президенттик башкарууга өттүк, керек болсо ошол туу, герб жада калса гимнди да өзгөртсө болот. Мисалы, ошол эле Гурзия жаңы бийлик келгенде өзүнүн желегин алмаштырган. Ошол үчүн биз деле алмаштырсак болот, көйгөй жок. Эч бир кыйбай, чыйбай эле алмаштырсак болот",- дейт ал.

Эске салсак, буга чейин депутат Динара Ашимова гимнди да өзгөртүү сунушун айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15048