Депутат шайлоого барбагандарга айып пул салууну караган мыйзам долбоорун чакыртып алды
RU

Депутат шайлоого барбагандарга айып пул салууну караган мыйзам долбоорун чакыртып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов кыргызстандыктарды шайлоого катышууга милдеттендирген мыйзам долбоорун кайра артка чакыртып алды. Бул туурасында ал бүгүн, 29-ноябрда парламент жыйынында билдирди.

"Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 21-22-мыйзамды кайра артка кайтарууну сунуштайм. Документти кайра артка кайтарып, депутаттардын, коомчулуктун пикирлерин эске алып, толуктоолор менен талкууга алып чыга турган болдум. Ошол үчүн мыйзамды артка кайтарууну добушка коюп берсеңиздер", - деди депутат.

Мындан улам мыйзам долбоору күн тартибинин кароосунан алынды.

Белгилесек, Тазабек Икрамов жүйөлүү себептери бар адамдарды кошпогондо, жарандарды шайлоого катышууга милдеттендирип, жарандык милдеттерин аткарбагандарга 5 миң сом айып салуу сунуштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15049