Тазабек Икрамов ата-энесин багуудан качкандарды мамлекеттик кызматка албоону сунуштады
RU

Тазабек Икрамов ата-энесин багуудан качкандарды мамлекеттик кызматка албоону сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл өкүлү Тазабек Икрамов ата-энесин карылар үйүнө таштагандарды мамлекеттик, муниципалдык кызматтарга ишке албоону сунуштады. Мындай пикирин ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелер боюнча комитет жыйынында айтты.

Жыйында депутат тиешелүү мыйзам долбоорун алып чыкты. Айтымында, карылар үйүндөгүлөрдүн саны жыл сайын өсүүдө.

Икрамов белгилегендей, мыйзам балдарга жетиштүү көңүл бурбаганы үчүн гана жазалоого жол берет, а бирок ата-энесин таштап кеткендерди жоопкерчиликке тартуу үчүн соттун чечими керек. Ошондуктан мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизлүүдө.

Алсак, депутат Кылмыш-жаза кодексине алимент төлөө жөнүндө норманы киргизүүнү сунуштайт. Анда эмгекке жарамсыз же материалдык жардамга муктаж ата-энелерин таштап кеткен эмгекке жарамдуу жарандарга - 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (50 миң) - 100 миң сомго чейин айып салууга же 1 жылдан 2 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалоо сунушталат.

Социалдык стационардык мекемелердин администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж, өзүн-өзү камсыз кылууда калган ата-энелерге алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылууга милдеттүү.

Мындан тышкары "Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, эгерде жаран майып жана материалдык жактан муктаж болгон ата-энесин багуу үчүн алимент төлөп бербесе ал кызматкер боло албайт деген өзгөртүү сунушталды.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14554