Жыл башынан бери кош бойлуулук жана төрөт учурунда 27 аял каза болгон
RU

Жыл башынан бери кош бойлуулук жана төрөт учурунда 27 аял каза болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт учурундагы энелердин өлүмү кыскарды. Мындай маалыматты бүгүн, 14-декабрда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.

Ал белгилегендей, 2023-жылдын 9 айына карата алынган ыкчам маалымат боюнча, энелердин өлүмү 20,2% кыскарып, жалпы 27 аял каза болгон. Белгилесек, былтыркы жылдын ушул мезгилине карата энелердин өлүмү 34кө жеткен.

Ал эми жаңы төрөлгө ымыркайлардын өлүмү боюнча статистика өткөн жылдагыдай эле.

Исмаилов белгилегендей, эне жана баланы коргоо министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15133