Жаңы төрөгөн эне оор кырдаалга кабылса кайда кайрылса болот? Даректер
RU

Жаңы төрөгөн эне оор кырдаалга кабылса кайда кайрылса болот? Даректер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы жаңы төрөлгөн баланын энеси турмуштук оор кырдаалга кабылып, андан баш тартууга ниеттенген учурда кайда кайрылса болорун маалымдады.

Калаа башкармалыгынын маалыматы ылайык, көз жарган эне баладан баш тарта турган болсо төрөт үйүнө жазуу түрүндө билдириши керек же ымыркайды каалаган убакта Бишкек шаарындагы Белорусская көчөсү, 121-үйдө жайгашкан балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна калтыра алат.

Ошондой эле Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө кайрылса болот:

  • Свердлов району боюнча: Бишкек ш., Чүй пр., 28, 222-кабинет. Байланыш номери: 0312 53-05-76.
  • Октябрь району боюнча: Бишкек ш., Байтик Баатыр көч., 17. Байланыш номеери: 0312 51-03-75.
  • Биринчи Май району боюнча: Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 495Б. Байланыш номери: 0312 67-03-86.
  • Ленин району боюнча: Бишкек шаары, Литвинов көчөсү, 2. Байланыш номери: 0312 88-38-99 (тех. себептерден улам убактылуу иштебейт).
  • Зомбулуктан жана катаал мамиледен жапа чеккен балдарга жардам берүү борбору: Бишкек ш., Карасаев көч., 73. Байланыш номери: 0312 44-25-10.

Бишкек мэриясы жарандарды баланы пландаштырууда жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14921