Тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору комитеттин экинчи жана үчүнчү окуусунда кабыл алынды
RU

Тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору комитеттин экинчи жана үчүнчү окуусунда кабыл алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Комитеттин бүгүн, 19-декабрдагы жыйынында туунун авторлорунун катышуусунда мыйзам долбоору талкууланды. Демилгечилердин бири депутат Улан Примов мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда добушка коюуну суранды. Жыйынтыгында долбоор эки окууда кабыл алынып, документ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына экинчи окууга чыгарылмай болду.

*****

Сентябрдын аягында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов мамлекеттик желектеги күндүн нурларын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышкан. Идеяны Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да колдогон. Президент "Кудай буйруса бул вариант өтүп кетсе, мындан ары көз каранды болбой калабыз" деп өзүнүн вариантын сунуштап, желекти алмаштыргандан кийин "күн нурундай өнүккөн жана эгемендүү өлкө болобуз" деген.

Желектин өзгөрүшү коомчулуктун сынына кабылып, дагы деле нааразычылыгын жаратып келет. Каршы пикирлерге карабастан 28-ноябрда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети бир добуштан желекти өзгөртүүнү колдоп, эртеси мыйзам долбоору парламент жана министрлер кабинети тарабынан биринчи окууда колдоого алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15162